“Сочи-2014”. 8 алтын медаль менен Германия командалык эсепте лидерликти сактап келүүдө (18-февралдын жыйынтыгында)

“Сочи-2014” Кышкы Олимпиадасынын 18-февралдагы жыйынтыгынын негизинде Германия курама командасы командалык эсепте лидерликти сактап калды. Олимпиаданын расмий сайты кабарлагандай, анын карамагында 8 алтын, 3 күмүш жана 4 коло бар.

Командалык эсепте алдынкы бештикте өзгөрүүлөр орун алды. Алтындардын санын 7ге жеткирген Норвегия кайрадан 2-орунга кайтса, 3-4-орунду Голландия менен АКШ бөлүшүп келүүдө. Орусия курама командасы кечээги күндүн эсебинен 1 күмүш медаль гана утуп, 5-орунга жылды.

Командалык эсеп:

1. Германия – 15 медаль (8 алтын, 3 күмүш, 4 коло).

2. Норвегия – 18 медаль (7 алтын, 4 күмүш, 7 коло).

3. Голландия – 20 медаль (6 алтын, 6 күмүш, 8 коло).

4. АКШ – 20 медаль (6 алтын, 4 күмүш, 10 коло).

5. Орусия - 19 медаль (5 алтын, 8 күмүш, 6 коло). 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
uran001
2014-02-19 10:06:49
Кыргызстандык Бишкек убактысы боюнча канчада ойнойт айтып койгулачы билгендер болсо
0
admin_superstan
2014-02-19 10:36:33
uran001, Саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, окуй аласыз: http://www.super.kg/kabar/news/51575/
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан