“Сочи-2014”. Бүгүн, 19-февралда кыргызстандык Евгений Тимофеев 8 медалдын бирине ат салышат

Бүгүн, 19-февралда “Сочи-2014” Кышкы Олимпиадасында кыргызстандык Евгений Тимофеев тоо-лыжа спортунун слалом-гигант түрү боюнча оюн көрсөтөт. Бул тууралуу Олимпиаданын расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, спорттун бул түрүнөн медаль үчүн 109 спортчу жарышка түшөт. Кыргызстандык спортчу жарыш талаасына 100-болуп чыгат.

Бүгүн, 18-февралда “Сочи-2014” Олимпиадасында жалпысынан 8 комплект медаль ойнотулат. Биатлон, бобслей, тоо-лыжа спорту, лыжа менен жарышуу (2 медаль), коньки тээп ылдамдыкка чуркоо, сноуборд (2 медаль) спортторунан медалдар ойнотулат.   

Оюндардын тизмеси жана башталыш сааттары:

Биатлон (Бишкек убактысы боюнча 20:30да башталат. Эстафета).

Бобслей (Кыз-келиндер ортосунда үчүнчү жарыш 22:15те, экинчи жарыш 23:25те башталат).  

Тоо-лыжа спорту (Гигант слалом. Уландар арасында биринчи жарыш 13:00дө, экинчи жарыш 16:30да старт алат). 

Кёрлинг (Кыз-келиндер арасындагы жарым финал 16:00дө, уландар арасында жарым финал 21:00дө старт алат).

Лыжа тээп жарышуу (Командалык спринт. Кыз-келиндер арасында жарым финал 15:15те, финал 17:45те башталат. Уландар арасында жарым финал 16:05те, 18:15те старт алат).

Коньки тээп ылдамдыкка чуркоо (19:30. Кыз-келиндер арасында 5 000 метр аралык).

Сноуборд-кросс (11:15те старт алат).

Муз үстүндө бийлөө (21:00. Кыз-келиндер арасында кыска программа).

Хоккей (Уландар арасында чейрек финалдык оюндар. 14:00дө Швеция-Словакия, 18:30да Финляндия-Орусия, 23:00дө Канада-Латвия, АКШ-Чехия беттештери орун алат). 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
inoplanetyanin
2014-02-19 10:24:55
Iygilik!
+1
arsi9494
2014-02-19 10:28:43
жакшы..109 оюнчудан биздин баатыр 100 болуп чыгат экен..
0
mery.89
2014-02-19 10:56:38
Бизден бироо эле барды дешти элего алда бутун кокустатып оюнга катышпай калды.Эмнеси болсо да Ийгилик!!!
0
Brat_Kuba
2014-02-19 10:57:14
Ийгилик
0
Nura.1012
2014-02-19 11:22:24
Ийгилик!!!!!
0
zaika.tvo9.1990
2014-02-19 11:27:33
Алла жар болсун алыстан болсо да колдоп туралы
0
meky85
2014-02-19 12:32:47
ийгилик
0
simple_boy
2014-02-19 13:08:18
Ийгилик каалайбыз жердешибизге коло медалъга илешкен болсо ото жакшы болмок
0
Dodon
2014-02-19 21:57:27
ийгилик алла озу колдосун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан