УЕФАнын Чемпиондор Лигасында ПСЖ менен “Барселона” чейрек финалга ийгиликтүү кадам таштады

Кечээ, 18-февралда орун алган УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалдык оюндарында франциялык ПСЖ менен каталондук “Барселона” футболдук клубдары атаандаштарын ишенимдүү түрдө жеңип, чейрек финалга ийгиликтүү кадам таштады. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, “Барселона” конокто англиялык “Манчестер Ситини” 0:2 эсебинде утуп алды. Ал эми германиялык “Байерге” конокко барган франциялык ПСЖ атаандаштарына өз үйүндө бир гол киргизүү мүмкүнчүлүгүн берген жок. 4:0 эсебинде конокто жеңишке жетишип, франциялыктар бир буту менен чейрек финалга чыкты.

Катталган жыйынтыктар:

“Манчестер Сити” (Англия) – “Барселона” (Испания) – 0:2

Голдор: Лионель Месси (54 мүнөттө), Даниэл Алвес (90).

“Байер” (Германия) – ПСЖ (Франция) 0:4

Голдор: Блез Матюйди (3), Златан Ибрагимович (39, 42), Йоан Кабай (88).

Бул командалардын ортосундагы чейрек финалга өтүү үчүн бүгүн, 19-февралда УЕФАнын Чемпиондор Лигасында дагы 2 оюн болот.

01:45. “Арсенал” (Англия) – “Бавария” (Германия).  

01:45. “Милан” (Италия) – “Атлетико” (Мадрид, Испания). 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
neymar.kg
2014-02-19 11:38:39
Иттей гылып утуго ах чиркин. гоооол гооооол
0
ali.95
2014-02-19 13:39:10
Топ бербеди ситиге
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан