Бүгүн, 19-февралда саат 12:00 чамасында Бишкектин Ибраимов көчөсүндө жайгашкан “Учкун” концернинин 9-кабатынан 27-30 жаштардагы жигит өз жанын кыюу максатында бой таштаган. 5-кабаттагы өткөргүчтөргө тийгени анын кулашын жеңилдеткен. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окуянын күбөсү маалымдады.
Окуя болгон жерге Октябрь РИИБинин жана ӨКМнын кызматкерлери, ошондой эле “Учкундун” штаттык дарыгерлери келип жардам көрсөтүштү. Күбө болгон адамдардын айтымында, ал өзүнүн жанын кыюу максатында секирген. Ал жерде жатканда да “суранам, тынч өлүп калайынчы” деп суранган.
Анын эки жаштагы баласы бар экени белгилүү болду.
Дарыгерлер жабырлануучунун кан басымы төмөн экенин, буттары ооруп жатканынан омурткалары жабыркаган жана ичинен кан кеткен деп божомолдошууда. Ага биринчи жардам көрсөтүлүп, бейтапканага алып кетишти.