Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 16-февраль күнү 27 жаштагы кыргызстандык айым өлтүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Орусиядагы КРнын элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 16-февралда саат 23:00 чамасында Санкт-Петербургдун Москва районунда өлтүрүү фактысы катталды. Орусиянын полиция кызматкерлери кылмышка шектүү деп Өзбекстандын жаранын кармашты. Ага карата кылмыш иш козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, кыргызстандык айым 1986-жылы 20-февралда Ош облусунун Кара-Суу районунун Каарман айылында туулган.
Санкт-Петербург шаарындагы КРнын консулдугу анын сөөгүн мекенине жөнөтүү боюнча чараларды көрүүдө.