Кыргызстандык спортчу Евгений Тимофеев мара сызыгын 1 мүнөт 34 секундда кесип өтүп, азырынча 68-орунду ээлеп турат

Бүгүн, 19-февралда “Сочи-2014” Кышкы Олимпиадасында кыргызстандык Евгений Тимофеев тоо-лыжа спортунун слалом-гигант түрү боюнча биринчи жарышында 1,5 чакырым аралыкты 1 мүнөт 34,65 секундда кесип өттү. Бул тууралуу Олимпиаданын расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, 109 спортчунун ичинен жарышка жүзүнчү болуп чыккан Тимофеев бул көрсөткүчү менен 68-орунду ээлеп турат. Жарыштын лидери менен Тимофеевдин көрсөткөн жыйынтыгынын ортосунда 13,57 секунд айырма бар. 

Кыргызстандыктын катышуусундагы кезектеги жарыш Бишкек сааты боюнча 16:30да башталат. Эске салсак, спортчу жүзүнчү болуп жарыш майданына чыгат. 

Евгений Тимофеевдин биринчи жарышы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
rdujshen
2014-02-19 15:30:53
Москванын сааты боюнча канчада башталат?супер инфо!
0
PROS
2014-02-19 15:38:22
rdujshen, Бишкек убактысынан 2 сааттан кийин.
0
PROS
2014-02-19 15:39:53
Если попадет в двадцатке силнейщих суйунот элем(((
0
nazhiev80
2014-02-19 15:48:45
ийгилик анда!
0
muslim7
2014-02-19 15:53:13
Жарайт, финишке жетпей калгандар да болду.
0
mirbakg
2014-02-19 16:17:19
Эми маара сызыгына жетпей-калгандан коро жетиптир биз ушунусуна деле суйунолу
+1
Karakoz90
2014-02-19 21:29:48
Катышпай кала жаздадык го аз жерден. Азамат кыпкызыл кызыл чоктой болгон желегибизди желбиретти.
-1
Sharipa-asia
2014-02-20 00:29:29
Алга Кыргызстан алга! ! Ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан