9-кабаттан боюн таштаган жигиттин абалы оор, анын Психиатриялык борбордун каттоосунда турганы белгилүү болду

Бүгүн, 19-февралда саат 12:00 чамасында Бишкектин Ибраимов көчөсүндө жайгашкан “Учкун” концернинин 9-кабатынан өз жанын кыюу максатында бой таштаган 34 жаштагы жигит №4-шаардык ооруканага алынып келинген. Бул тууралуу оорукананын башкы дарыгери Алмазбек Кубатбеков SUPER.KG порталына кабарлады.
Анын айтымында, учурда өз жанын кыюуга аракет кылган жигит жандандыруу бөлүмүндө жатат. Анын абалы оор. Ага оң буттун балтыр бөлүгүндөгү сөөгүнүн ачык сынышы, экинчи бел омурткасынын жабык сынышы, баш мээнин жаракаты жана көкүрөк клеткасындагы жаракат боюнча болжолдуу диагноздор коюлду.
"9-кабаттан бой таштаган жигиттин Республикалык психиатриялык ден соолук борборунда каттоодо турганы аныкталды",- деди башкы дарыгер Кубатбеков.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
peri...97
2014-02-19 20:01:40
Алааа тообо кылдым...кудай Берген омурдо жыргап жыргап жашабайбы десен...бул куноого акыры...мейли эми кудайым шыпаасын берсин....
0
murgab2013
2014-02-19 20:43:41
кандай баары эле писих борбордо учетто турат экен
0
33SUUN
2014-02-19 22:20:29
Кудай озу кечирсин,шыпаасын берсин.Алган жараккаттары менен кошо мээси да айыгып кетсин.
0
aziko88
2014-02-20 00:35:36
Бечара жашоодон тажаса керекда аллахым ар бирибизге Ден соолук ыйманиберсин
0
gulperi.kg
2014-02-20 14:05:11
Эркек болгондон кийин чыдамдуу болсо турмушта баардык нерсеге чыдамкай болуп баарын женсе болот эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан