Бишкекте эки унаа кагылышып, жөө жүрүүчү каза тапты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-февралда саат 02:00 чамасында 20 жаштагы Л.Артур Тойота Ленд Крузер унаасын айдап бара жатып Юнусалиев менен Суванбердиев көчөлөрүнүн кесилишинде Мерседес-ML-350 унаасы менен кагылышып кеткен.
Анда Мерседес-ML-350 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, 21 жаштагы Т.Заурбек жөө жүрүүчүнү сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 20-25 жаштагы айым окуя болгон жерде каза тапкан. Т.Заурбек ооруканага жеткирилди.
Унаалар айып төлөөчү жайга жөнөтүлүп, чогултулган материалдар Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Жол-кайгуул кызматына өткөрүлүп берилди.