Бүгүн, 19-февралда “Сочи-2014” Кышкы Олимпиадасында кыргызстандык Евгений Тимофеев тоо-лыжа спортунун слалом-гигант түрү боюнча жарышка түшүүдө. Экинчи жарышында ал мара сызыгын 1 мүнөт 37,07 секунд убакытта кесип өтүп, 61-орунду ээлеп келүүдө.
Кошумчалай кетсек, биринчи жарышында ал мара сызыгын 1 мүнөт 34,65 секундда кесип өтүп, жарышка түшүп жаткан 109 спортчунун ичинен 68-орунду ээлеген.