Бишкек шаарында бир адам түтүнгө ууланып каза болду. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги 20-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, Шевченко көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн 80 чарчы метр чатыры күйгөн. Натыйжада 1951-жылы туулган үй ээси түтүнгө ууланып каза болсо, үй ээсинин 53 жаштагы аялы ооруканага жеткирилген. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодогу эрежелердин бузулушу себеп болгон.