Кечээ, 19-февралда УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалында италиялык “Милан” өз үйүндө испаниялык “Атлетикого” 0:1 эсебинде, англиялык “Арсенал” өз үйүндө германиялык “Баварияга” 0:2 эсебинде уттуруп жиберди. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, “Арсенал”-“Бавария” тиреши өзгөчө кызыктарга бай болду. Оюндун биринчи бөлүгүндө “Арсеналдын” курамынан Месут Өзил, “Бавариянын” курамынан Давид Алаба 11 метрлик айып соккуларынан пайдалана алышкан жок. Ал эми “Атлетико” конокто “Миланга” тең оюн көргөзүп, оюндун акыркы мүнөттөрүндө 1:0 эсебинде алдыга чыкты.
“Милан” (Италия) - “Атлетико” (Испания) – 0:1
Гол: Диего Коста (83-мүнөт)
“Арсенал” (Англия) – “Бавария” (Германия) – 0:2
Голдор: Тони Кроос (54), Томас Мюллер (88).
Кошумчалай кетсек, бул командалардын ортосундагы жооптук оюндар 11-мартта орун алат.