Бүгүн, 19-декабрда Ош шаарында 5 килограмм баңгизатын ташып бара жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Баңгизатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Аталган ведомствонун кызматкерлери тарабынан Hyundai үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унаа текшерүүгө алынганда ташылып бара жаткан мүшөктөгү күрүчтөрдүн арасынан баңгизат оролгон 5 баштык табылган. Баңгизаттын жалпы салмагы 5 килограммды түзүп, учурда бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.