Бүгүн, 20-февралда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда кулатуу күрөшүнүн мушташ версиясы боюнча эл аралык мелдеш орун алат. Бул тууралуу мелдештин уюштуруучулары кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан мамлекеттеринен 40 спортчу катышат. Жалпысынан 6 салмак категориясы боюнча 20 беттеш болот.