Пара алып жаткан жеринен “Чүй облусунун адвокаттар жамааты” коомдук бирикмесинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, аталган коомдук бирикменин адвокаты кылмыш ишин жаап берүү үчүн акча талап кылган. Ал сотко жана прокурорго ортомчу болмок. 14-февраль күнү 15 миң сом алып жаткан жеринен кармалган.
Учурда “ортомчулук жана паракорлук” боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.