Сокулук аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүн башчысы пара талап кылгандыгы үчүн кармалды. Ал жаңы төрөлгөн баланы жакшы караш үчүн энесинен 1000 доллар акча сурап, “эгер акча таап бербесең, балаңа тиешелүү көңүл бурулбайт” деп коркуткан. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 20-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүү 20 миң сом пара алып жаткан жеринен 19-февралда кармалган. Учурда бул факты боюнча “пара талап кылуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.