Москва районунун Садовое айылында айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп кетти. Жабырлануучу денесинен ар кандай жарааттарды алып, ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 20-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 17-февраль күнү саат 19:20 чамасында катталган. 29 жаштагы айдоочу жеңил унаасы менен айыл тургунун сүзүп алган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.