Кечээ, 19-февралда Кара-Суу РИИБинин кызматкерлери тарабынан "Арсенал" операциясынын жүрүшүндө Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын 21 жаштагы тургуну Э.Т. кармалды. Ал "1 унаанын магнитофонун жана 2 автоунаанын дөңгөлөктөрүн уурдаган" деп шектелүүдө. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Ош ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.