Бишкекте дзюдо боюнча Өлкө чемпиондугу жыйынтыкталды

Кечээ, 19-февралда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда дзюдо боюнча 21 жашка чейинки спортчулар арасында Кыргызстандын биринчилиги жыйынтыкталды. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага 270 жаш дзюдочу катышып, 16 салмак категориясында жеңүүчүлөр аныкталды. Анын ичинен 8 салмакта кыз-келиндер күч сынашса, 8 салмакта уландар кармаш өткөрүштү. Мелдеште алтын медаль ээлери үчүн июнь айында АКШда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна мүмкүнчүлүк алышты.

Кыз-келиндер арасында жеңүүчүлөр:

44 килограмм салмакта - Күмүшай Саскеева

48 кг - Екатерина Азина  

52 кг - Аймончок Рыспекова  

57 кг - Айгерим Таштанбекова

63 кг - Эльмира Акишева

70 кг - Айжан Кадырбекова

78 кг - Валерия Лыкова

78 кг - Кристина Нежникова

Уландар арасындагы жеңүүчүлөр:  

55 килограмм салмакта - Сапарбеков Орозбек

60 кг - Алмаз Алтынбек уулу

66 кг - Абсамат Маткасымов

73 кг - Эрмек Сариев

81 кг - Азизбек Сабиров

90 кг - Азамат Бектурсунов

100 кг - Алихан Исмаилов

100 кг - Эрмек Расулов
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан