Кызыл-Кыя шаарындагы автомектептин кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 20-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, аталган автомектептин инструктору “В”, “С” категориясындагы айдоочулук күбөлүк берүү үчүн жергиликтүү тургундан 9 миң сом акча талап кылган.
Учурда кармалган адамга карата “кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.