Жумгал районунда сабалган милиция кызматкерин Бишкекке алып келишти. Бул тууралуу укук коргоочу Эраш Кумарбеков билдирди. Анын айтымында, сууга ыргытып жиберишкен үчүнчү милиция кызматкери дайынсыз. Учурда издөө иштери жүрүп жатат.
Эске сала кетсек, кечээ, 20-февралда Кара-Кечеде каза болгон Айбек Мамбеталиевдин жакындары сот отурумунда жаңжал чыгарышкан. Анда айыпталып жаткан 3 милиция кызматкерин көздөй күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөр ыргытылып, залда өрт чыккан. Натыйжада бир милиция кызматкери катуу сабалып, күйүк алган. Экинчисин Жумгал суусуна ыргытып жиберишкен. Ал эми үчүнчүсүн милиция кызматкерлери аман алып калышкан.
Маалыматка караганда, айыпталуучу тараптын адвокаты ишти облустук сотто кароону суранган. Муну Жумгал райондук соту карап, ишти Нарын облустук сотуна жөнөттү. Мындан улам маркум Айбек Мамбеталиевдин жакындары нааразычылык билдиришип, аягы ызы-чууга айланып кеткен.