Акыркы сутка ичинде республика аймагында 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги 21-февралда билдирди. Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 3, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Кечээ, 20-февралда Токмок шаарындагы турак үйлөрдүн биринен өрт чыккан. Анда бөлмөнүн 5 чарчы метр полу, тиричилик шаймандары күйгөн. Өрттүн келип чыгуусуна электр шаймандарын колдонуудагы эрежелердин бузулушу себеп болгон. Жабыркагандар жок.