Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 74-чакырымында (Бука – Көл тилкеси) жана 82-чакырымында (Көк-Көл) тилкесинде кар көчкүсү түштү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 21-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, кар көчкүсү кечээ, 20-февралда саат 20:00 чамасында түшкөн. Анын көлөмү 4896 метр кубду түзөт. Учурда 2 жүктөгүч тартылып, кардан тазалоо иштери жүрүп жатат.