Бүгүн, 21-февралда “Сочи-2014” Олимпиадасында биатлон, тоо-лыжа спорту, кёрлинг, коньки тээп ылдамдыкка чуркоо, фристайл, хоккей жана шорт-трек боюнча жарыштар өтүп, жалпысынан 8 комплект медаль ойнотулат. Бул тууралуу оюндардын расмий сайты билдирет.
Биатлон (20:30. Кыз-келиндер арасында 4х6 чакырым аралыктагы эстафета).
Тоо-лыжа спорту (18:45. Слалом түрү боюнча кыз-келиндер арасында биринчи жарыш. 22:15. Слалом түрү боюнча кыз-келиндер арасында экинчи жарыш).
Кёрлинг (14:30. Уландар арасында коло медаль үчүн беттеш. Кытай-Швеция. 19:30. Уландар арасында алтын медаль үчүн беттеш. Канада-Британия).
Коньки тээп ылдамдыкка чуркоо (19:30. Уландар арасында командалык жарыштын чейрек финалы. 20:23. Кыз-келиндер арасында командалык жарыштын чейрек финалы. 21:13. Уландар арасында командалык жарыштын жарым финалы).
Фристайл (13:45. Ски-кросс боюнча кыз-келиндер арасында алгачкы беттеш. 15:30. 1/8 финал. 16:05. Чейрек финал. 16:25. Жарым финал. 16:41. Финал).
Хоккей (Жарым финалдык оюндар. 18:00. Швеция-Финляндия беттеши. 23:00. АКШ-Канада).
Шорт-трек (23:43. Уландар арасында 500 метрликтеги финал. 23:43. Кыз-келиндер арасында 1000 метрликте финал. 00:18. Уландар арасында 5000 метрлик эстафетанын финалы).