Бишкекте футзал боюнча кыз-келиндер арасында Кыргызстандын Ачык биринчилиги старт алат

24-27-февраль аралыгында Бишкекте футзал боюнча кыз-келиндер арасында Кыргызстандын Ачык биринчилиги старт алат. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул сезондо мелдешке Кыргызстандан жана Казакстандан жалпысынан 12 команда катышат. Командалар төрт-төрттөн 3 тайпага бөлүнүштү. Тайпалык оюндардын жыйынтыгында өз тайпаларында 1-орунду ээлеген 3 команда жана 2-орунду ээлегендердин ичинен мыкты жыйынтык көргөзгөн бир команда жарым финалга чыгат.

Тайпалар:

“А” тайпасы

“Алматы”, “Каракол”, “Кара-Суу”, РСДЮСШОР

“В” тайпасы

“Абдыш-Ата”, “Южанка”, Чүй облусу, ГУВК 66

“С” тайпасы

ФЦ, “Майлы-Суу”, “Талас”, “Тараз” 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан