Сокулукта “пара талап кылуу” кылмышына шектелген сотко жана анын жардамчысына кылмыш иши козголду

Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгы тарабынан “пара талап кылуу” кылмышына шектелип сот жана анын жардамчысы кармалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 2014-жылдын февраль айында милицияга Чүй облусунун тургуну кайрылып, мамлекеттик кызматкерлердин коррупциялык иштерге аралашканы тууралуу айткан. Ал Сокулук районунун соту жардамчылары аркылуу анын пайдасына өкүм чыгаруу жана мунапыс боюнча кылмыш ишинен бошотуу үчүн 20 миң сом өлчөмүндө акча талап кылгандыгын билдирген. 

Аталган маалыматты текшерүүдө Сокулук районунун соту жана прокурордун жардамчысы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, арыз берген адамды акча берүүгө түртүшкөн. 

Бул факты боюнча Башкы прокуратура КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “опузалап пара талап кылуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Азыркы тапта тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
barsa1984
2014-02-21 13:18:03
Чындап реформа жүргүзсө сот тармагы 100%га жаңыланат болчу. Грузиянын ыкмасын колдонгондон эмнеге чоочулайбыз,билбейм.....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан