Бүгүн, 21-февралда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдиргендей, КРнын Жеңил атлетика федерациясы 16-февралда Кытайда аяктаган Азия чемпиондугунда медаль уткан спортчуларга акчалай сыйлык тапшырды.
Маалыматка ылайык, федерациянын чечими менен байгеге ээ болгон спортчуларга премия катары 15 000 сомдон, машыктыруучуларга 20 000 сомдон каралган. Акчалай сыйлыкка Азия чемпиондугунда күмүш медаль уткан Ксения Файсканова, коло медаль ээси Виктория Полюдина жана машыктыруучу Татьяна Борисова ээ болушту.