Унаа айдап качкан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 21-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерине Люксембург айылынын тургуну кайрылган. Ал 2013-жылдын аягында чала тааныш бала BMW үлгүсүндөгү унаасын алып, ошол бойдон качып жүргөнүн кабарлаган.
Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, кылмышка шектүү өткөн жылы Сокулук районундагы унаа базарынан Мерседес-Бенц унаасынын абалын көрүмүш болуп айдап качып кеткен. Бир канча күндөн кийин унааны алмаштырып жиберген.
Жогорудагы кылмышка шектелип 21 жаштагы Ысык-Көл облусунун тургуну кармалды. Учурда “алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Анын мындан башка да кылмыштарга тиешеси бар болушу мүмкүн.