Жумгалдагы элдик сот боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 21-февралда билдирди. Маалыматка караганда, “адам өмүрүнө кол салуу”, “сот адилеттигин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу”, “бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү”, “мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголду.
Эске сала кетсек, кечээ, 20-февралда Кара-Кечеде каза болгон Айбек Мамбеталиевдин жакындары сот отурумунда жаңжал чыгарышкан. Анда айыпталып жаткан 3 милиция кызматкерин көздөй күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөр ыргытылып, залда өрт чыккан. Натыйжада бир милиция кызматкери катуу сабалып, күйүк алган. Экинчисин Жумгал суусуна ыргытып жиберишкен. Ал эми үчүнчүсүн милиция кызматкерлери аман алып калышкан.
Маалыматка караганда, айыпталуучу тараптын адвокаты ишти облустук сотто кароону суранган. Муну Жумгал райондук соту карап, ишти Нарын облустук сотуна жөнөттү. Мындан улам маркум Айбек Мамбеталиевдин жакындары нааразычылык билдиришип, аягы ызы-чууга айланып кеткен.