Бүгүн, 22-февралда “Сочи-2014” Кышкы Олимпиадасында кыргызстандык Евгений Тимофеев тоо-лыжа спортунун слалом түрү боюнча оюн көрсөтөт. Бул тууралуу Олимпиаданын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, спорттун бул түрүнөн медаль үчүн 117 спортчу жарышка түшөт. Кыргызстандык спортчу жарыш талаасына 110-болуп чыгат.
Ошондой эле бул күнү “Сочи-2014” Олимпиадасында жалпысынан спорттун 7 түрү боюнча оюндар өтөт. Биатлон, бобслей, тоо-лыжа спорту, лыжа менен жарышуу, коньки тээп ылдамдыкка чуркоо, сноуборд жана хоккей спортторунан медалдар ойнотулат.
Оюндардын тизмеси жана башталыш сааттары:
Биатлон (Бишкек убактысы боюнча 20:30да башталат. Эстафета).
Бобслей (Кыз-келиндер ортосунда үчүнчү жарыш 22:30да, экинчи жарыш 00:00дө башталат).
Тоо-лыжа спорту (Слалом. Уландар арасында биринчи жарыш 18:45те, экинчи жарыш 22:15те старт алат).
Лыжа тээп жарышуу (Кыз-келиндер арасында жарым финал 15:30да старт алат).
Коньки тээп ылдамдыкка чуркоо (19:30да кыз-келиндер арасында жарым финал, 19:51де уландар арасында финал, 22:14тө кыз-келиндер арасында финалдык мелдештер орун алат)
Сноуборд-кросс (11:15те старт алат).
Хоккей (Уландар арасында коло медаль үчүн АКШ менен Финляндиянын беттеши саат 21:00дө орун алат).