Коргоо министрлигинде 23-Февраль - Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата спорт боюнча финалдык мелдештер орун алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Оюндар 2014-жылдын
16-январында старт алган. Акыркы финалдык оюндар алдынкы орундарды ээлеген командалардын арасында жүргүзүлдү. Жыйынтыгында 1-орунду Башкы ыкчам башкармалыктын командасы утуп, кубок, акчалай сыйлыктар, медалдар жана 1-даражадагы диплом менен
сыйланышты. 2-орунду Байланыш башкармалыгы менен маалыматтарды коргоо
бөлүмүнүн командасы, 3-орунду Башкы уюштуруу-мобилизациялык башкармалыгынын курама
командасы ээлеп, диплом жана акчалай сыйлыктарды алышты.
Иш-чара аскер кызматкерлеринин
дене тарбиялык даярдыгынын деңгээлин көтөрүү, сергек жашоого үндөө, спорт
менен машыгуу, волейбол оюндарын жайылтуу максаттарында өткөрүлдү.