Бүгүн, 22-февралда “Сочи-2014” Кышкы Олимпиадасында кыргызстандык Евгений Тимофеев тоо-лыжа спортунун слалом түрү боюнча биринчи жарышында мара сызыгын 1 мүнөт 02,47 секундда кесип өттү. Бул тууралуу Олимпиаданын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, 117 спортчунун ичинен жарышка 110-болуп чыккан Тимофеев бул көрсөткүчү менен 73-орунду ээлеп турат. Жарыштын лидери менен Тимофеевдин көрсөткөн жыйынтыгынын ортосунда 15,77 секунд айырма бар.
Кыргызстандыктын катышуусундагы кезектеги жарыш Бишкек сааты боюнча 22:15те башталат.