Бүгүн, 22-февралда “Сочи-2014” Кышкы Олимпиадасында кыргызстандык Евгений Тимофеев тоо-лыжа спортунун слалом түрү боюнча жарышка түшүүдө. Экинчи жарышында ал мара сызыгын 1 мүнөт 12,96 секунд убакытта кесип өтүп, 43-орунду ээлеп келүүдө.
Кошумчалай кетсек, биринчи жарышында ал мара сызыгын 1 мүнөт 02,47 секундда кесип өтүп, жарышка түшүп жаткан 117 спортчунун ичинен 73-орунду ээлеген.