“Сочи-2014” Олимпиадасынын 23-февралда катталган жыйынтыктарынын негизинде Орусия курама командасы командалык эсепте 1-орунда турат. Орусияга лидерликти корей улутундагы спортчу Виктор Ан менен Орусия Федерациясы үчүн мелдешке катышып жаткан америкалык Вик Уайльд алып келди.
Акыркы 2 күн аралыгында оюнчулар спорттун 7 түрү боюнча 14 комплект медаль үчүн күч сынашкан.
Олимпиада оюндарынын расмий сайты берген маалыматка ылайык, 14 алтын медалдын төртөөсүн орусиялыктар алса, Канада, Австрия менен Нидерланды өлкөлөрү экиден алтын медаль алышкан. Ошондой эле Норвегия, Түштүк Корея, АКШ жана Украинанын өкүлдөрү бирден алтын медаль тагынышкан.