Сочи шаарында 22-Кышкы Олимпиада оюндарынын жабылыш аземи өтүүдө

Сочи шаарында 22-Кышкы Олимпиада оюндарынын жабылыш аземи өтүүдө. Салтанаттуу иш-чара Эл аралык Олимпиада комитетинин төрагасы Томас Бах жана Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин катышуусунда өтүп жатат. 1000 адамдын аткаруусунда Орусиянын гимни жаңырды. Андан кийин мелдешке катышкан 80 мамлекеттин бардык спортчулары ортого чакырылды. Анын ичинде Евгений Тимофеев да Кыргызстандын желегин көтөрүп чыкты. Олимпиаданын жабылышына тууралап спорттун 2 түрү боюнча сыйлык тапшыруу аземи калтырылган. Бул 50 чакырым аралыкка уландар арасында лыжа тебүү боюнча марафон жана кыз-келиндер арасында 30 чакырым аралыкка созулган жарыштар. Белгилей кетчү нерсе, айымдар арасында бардык медалдын ээлери Норвегия курама командасынын мүчөлөрү болгон. Ал эми уландар арасында Орусия курама командасынын мүчөлөрү байгелүү 3 орунду тең алып кетишкен. Командалык эсепте Орусия 13 алтын медаль менен 1-орунду алды. 

2018-жылы Кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореяда өтөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
NBAA
2014-02-24 00:02:36
krutooo molodes Russian
0
Bagirra
2014-02-24 00:39:16
50млрд.$ кетти, алдыга чыга элекпиз деп кайгырып жатышты эле, күтүлбөстөн бүтөөрдө
алдыңкы орунга чыгышты. ошончо даярдыктын, күнү түнү уктабай эмгек кылгандардын
акы бети кайтып, ырас тынч өткөзүп алышты...
Биздин Кыргызстанда бул өлкөлөрдөн кем калышпаган,
дүйнө жүзү тааныган өлкө болооруна чын дилимден ниет кылам!!!
+1
nursultan1
2014-02-24 09:38:49
Bagirra, tuura aitasyn Putin jabyluu azeminde uurtunan kulku ketpei oturdugo. bizdeda erten hokei boyuncha biz uchun olimp oyundaryna tetee aziyanyn chakyryk kubogu bashtalat al oyundarda bizdikiler namysty aldyrbait dep ishenip turaly
0
Beko87
2014-02-24 01:04:52
биздин Кыргызтаныбыздада ушундай болсун....деп тилек кылып койдум))))
+2
peri...97
2014-02-24 02:04:43
Укмуш соонун болбодубу..Путин максатына жетти,оюндагыдай кылып откоруп Алды,эн сонуууун.Бизде да болушун абдан каалайм,Кудай буйрусаа.......
+1
azat_sokrat
2014-02-24 05:13:39
Орусия алтын алып жатканда мен абдан кубанып жаттым!себеп чокту кызып турган кезде басып ал дейтко!орусияга куйорман болгонумдунда бир себеби канчалаган миндеген биздин мекендештер ошол еле орус елинде нан таап уй булосун багып келуудо баарыбыз кубобуз ал нерсеге!!!
+1
nursultan1
2014-02-24 09:35:26
Chynynda ichim achyshyp jatat kechee ele bashtalgan olimp oyundary bugun buttu birok ayabai jyrgadym bul olimp oyundarynan bir gana okunuchtuusu men jan tartkan Orusiya hokei kuramasynyn utlup kaluusu. Bizdin Timofeevda azamatsyn 114 sportchunun ichinenen 43-orunga jazylyp kiyinki olimp uchun chon bildirme jasady dep oiloim
0
KARAGER
2014-02-24 10:31:15
Орусия мамлекети 22 чи кышкы Олимпиаданы абдан жакшы жогорку денгээлде откозду. Командалык эсепте алдынкы орунга чыгышты. Бул абдан чон жетишкендик ойлойм.
0
adidilet
2014-02-24 13:36:08
легионерлерди кошуп алып 1-орунду алышты.Кореялык Ан менен америкалык Уайлд орустарга 5 алтын алып берди.Бул мындай чон өлкөгө уят эле иш да!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан