Футбол боюнча 2016-жылкы Европа чемпиондугунун тандап алуу туру үчүн чүчү кулак ташталды

Кечээ, 23-февралда Франциянын Ницца шаарында футбол боюнча 2016-жылкы Европа чемпиондугунун финалдык баскычына тандап алуу турунун чүчү кулак таштоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, бул күнү УЕФАнын желеги астында оюн өткөргөн 53 мамлекеттин курама командалары 9 тайпага бөлүнүштү. Финалдык баскычка ар бир тайпадан 1-2-орундарды ээлеген командалар түз чыгат.

Андан тышкары 3-орунду ээлеген командалардын ичинен дагы бир команда финалдык баскычка жолдомо алат. Тайпаларында 3-орунду ээлеген 8 команда дагы төрт жолдомо ээсин өз ара ойноп аныкташат.

Эске салсак, "Евро-2016" 24 команданын катышуусунда өтмөкчү.

“А” тайпасы

Голландия

Түркия

Исландия

Чехия

Латвия

Казакстан

“В” тайпасы

Босния жана Герцеговина

Израиль

Кипр

Бельгия

Уэльс

Андорра

“С” тайпасы

Испания

Словакия

Македония

Украина

Беларусь

Люксембург

“D” тайпасы

Германия

Польша

Грузия

Ирландия

Шотландия

Гибралтар

“Е” тайпасы

Англия

Словения

Литва

Швейцария

Эстония

Сан-Марино

“F” тайпасы

Греция

Румыния

Түндүк Ирландия

Венгрия

Финляндия

Фарер аралдары

“G” тайпасы

Орусия

Австрия

Молдова

Швеция

Черногория

Лихтенштейн

“H” тайпасы

Италия

Норвегия

Азербайжан

Хорватия

Болгария

Мальта

“I” тайпасы

Португалия

Сербия

Албания

Дания

Армения

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bekbolot-NOOKAT
2014-02-24 10:38:59
Грузия деп турса Киргизия дегендей корунуп кетти козумо суйунуп кеттим болбой эле))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан