Бүгүн, 24-февралда Бишкек шаардык муз аянтында хоккей боюнча Азиянын Чакырык Кубогу старт алат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш Кыргызстан, Сингапур, Макао жана Индия курама командаларынын катышуусунда өтөт. Алгачкы оюн 16:00дө Индия жана Макао командаларынын ортосунда болот. Расмий ачылыш 19:00гө белгиленген. Андан соң гана кыргызстандык хоккейчилер Сингапурга каршы оюнга чыгышат.