Футбол боюнча "Ала-Тоо кубогун" бишкектик “Алга” клубу утуп алды

22-февралда Кант шаарында футбол боюнча Кыргызстандын ТОП-Лигасынын жана Биринчи Лигасынын командаларынын катышуусундагы "Ала-Тоо кубогу" жыйынтыкталып, бишкектик “Алга” клубу жеңүүчү аталды. Бул тууралуу “Абдыш-Ата” футболдук клубунун расмий сайты кабарлайт.

Маалыматка ылайык, финалдык беттеш бишкектик “Алга” менен канттык “Наше пиво” клубдарынын ортосунда болуп, 2:0 эсебинде коноктор жеңишке жетишти. Ал эми 3-орун үчүн канттык “Абдыш-Ата” менен бишкектик “Дордой” кез келип, оюндун негизги убактысын 0:0 эсебиндеги тең чыгуу менен жыйынтыкташты. 11 метрлик айып соккусунда канттыктар жеңип чыгышты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zarbalik
2014-02-24 17:00:50
супер инфо силерден сураныч. Алай ош азия кубогуна кандай даярданып жаткандыгын жана стадион оюн откоргонго даярбы? Оюнчулар канчалык денгеелде. Ушул суроолорго клубдун тренеринен жооп алып бере аласыздарбы? Рахмат.
0
admin_superstan
2014-02-24 17:15:53
zarbalik,
Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан