Кечээ, 23-февралда расмий түрдө жыйынтыкталган “Сочи-2014” Кышкы Олимпиадасында Орусия курама командасы 13 алтын, 11 күмүш, 9 коло медаль утуу менен командалык эсепте 1-орунду камсыз кылды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, мелдештин акыркы күнүндө (23-февралда) орусиялык спортчулар 2 алтын, 1 күмүш, 1 коло медаль утушту. Алгач лыжа спорту боюнча 50 чакырым аралыкты түзгөн марафондо орусиялыктар 3 байгелүү орундарды тең ээлесе (Александр Легков алтын, Максим Вылегжанин күмүш, Илья Черноусов коло медаль утту), андан соң бобслей боюнча курама команда дагы бир алтын алып келди.
Жыйынтыгында медалдардын жалпы саны боюнча Орусия алдыга чыкты. 2-орунду 11 алтын менен Норвегия ээлеп келсе, 3-орунду хоккей оюнунда акыркы медалын алган Канада ээледи.
Командалык эсеп:
1. Орусия – 33 медаль (13 алтын, 11 күмүш, 9 коло).
2. Норвегия – 26 медаль (11 алтын, 5 күмүш, 10 коло).
3. Канада – 25 медаль (10 алтын, 10 күмүш, 5 коло).
4. АКШ – 28 медаль (9 алтын, 7 күмүш, 12 коло).
5. Голландия – 24 медаль (8 алтын, 7 күмүш, 9 коло).
6. Германия – 19 медаль (8 алтын, 6 күмүш, 5 коло).
7. Швейцария – 11 медаль (6 алтын, 3 күмүш, 2 коло).
8. Беларусь – 6 медаль (5 алтын, 1 коло).
9. Австрия – 17 медаль (4 алтын, 8 күмүш, 5 коло).
10. Франция – 15 медаль (4 алтын, 4 күмүш, 7 коло).