Жумгалдагы элдик соттогу жаңжалдын натыйжасында Жумгал суусуна ыргытылган үч айыпталуучу милиция кызматкеринин бири Рустам Токтогулов 20-февралдан бери табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда
SUPER.KG порталына ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, "Кара-Кечеде Айбек Мамбеталиевди өлтүргөн" деп шектелген дагы эки милиционер Бишкекке алынып келди. Алар ИИМдин бейтапканасына жаткырылган. Бири катуу күйүк алып, экинчиси ур-токмокко алынган. "Учурда үчүнчү милиция кызматкери Рустам Токтогуловду издөө боюнча иштер жүргүзүлүүдө",- деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.
Белгилей кетсек, 21-февралда Жумгалдагы элдик сот боюнча “адам өмүрүнө кол салуу”, “сот адилеттигин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу”, “бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү”, “мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.
Маалыматка караганда, айыпталуучу тараптын адвокаты ишти облустук сотто кароону суранган. Муну Жумгал райондук соту карап, ишти Нарын облустук сотуна жөнөттү. Мындан улам маркум Айбек Мамбеталиевдин жакындары нааразычылык билдиришип, аягы ызы-чууга айланып кеткен.