Адвокат: "Милиция Айбек Мамбеталиевдин 20-30дай жакынын камаган жерин жашырып жатат"

Кара-Кечеде каза тапкан Айбек Мамбеталиевдин туугандарынын адвокаты Жандар Мамытбеков: “Жумгалдагы сотто болгон окуя боюнча суракка алуу максатында милиция 20-30 адамды камакка алган. Алар кайсы жерде экенин жашырып жатат”,- деп бүгүн, 24-февралда SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, жакында КРнын Акыйкатчысынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү келип, камалган балдар кайсы жерде экенин табышкан эмес.

“Өрттөө фактысы боюнча козголгон кылмыш иши Башкы прокуратурага эмес, үч айыпталуучу милиционер иштеген Нарын РИИБине тапшырылды. Ал жактагы абакта камакка алынган балдарды ур-токмокко алышы толук мүмкүн. Мунун баары атайын жагдайды курчутуп жаткандай көрүнүүдө”,- деди адвокат Жандар Мамытбеков.

Мындан тышкары камалган 20-30 баланы протокол түзбөй суракка алып кеткенин кошумчалады.

“Суракка алуу үчүн протокол бир гана Айбек Мамбеталиевдин ата-энесине жана жакын туугандарына берилди. Азыркы тапта алар көрсөтмө беришүүдө”,- деди Мамытбеков.

Эскерте кетсек, Кара-Кечеде каза болгон Айбек Мамбеталиевдин жакындары 20-февралда болгон сот отурумунда жаңжал чыгарышкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Misi
2014-02-24 14:10:13
сооп болот.бироого ор кассан озун тушосун деген бекеринен айтылган эмес.
0
Mukay
2014-02-24 14:34:30
Абак башка,камак башка маани, береби??

“Өрттөө фактысы боюнча козголгон
кылмыш иши Башкы прокуратурага
эмес, үч айыпталуучу милиционер
иштеген Нарын РИИБине тапшырылды.
Ал жактагы абакта камакка алынган
балдарды ур-токмокко алышы толук
мүмкүн. Мунун баары атайын
жагдайды курчутуп жаткандай
көрүнүүдө” ,- деди адвокат Жандар
Мамытбеков.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан