Бишкек шаарындагы батирлердин биринен 70 жаштагы адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары 3-кичи райондо жайгашкан №18-үйдүн 5-батиринин жабылып калган эшигин ачышкан. Анын ичинен 1944-жылы туулган Султан Садыковдун жансыз денеси табылган. Учурда өлгөн адамдын денеси Октябрь райондук милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.