Хоккей боюнча Азиянын Чакырык кубогунда Кыргызстан Сингапурду утуп алды

Хоккей боюнча Азиянын Чакырык кубогунда Кыргызстан биринчи беттешинде жеңишке жетишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган мелдеште алгачкы оюн Макао менен Индия курама командаларынын ортосунда болуп, анда 12:0 эсебинде Макао жеңишке жетишти. Ал эми Кыргызстан курама командасы алгачкы беттешин Сингапурга каршы өткөрүп, 6:3 эсебинде утуп алды.

Кошумчалай кетсек, Азия чөлкөмүнүн 1-дивизиондогу мелдешинин 2-тур оюндары 26-февралда өтөт. Анда Кыргызстан-Индия, Макао-Сингапур беттештери орун алат. Финалдык оюн жана 3-орун үчүн оюн 2-мартка белгиленген. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
acer11
2014-02-25 10:32:35
Алга Кыргызстан азматсынар.
0
Shai
2014-02-25 13:30:41
Азаматсынар. Эми Кыргызстан хоккей боюнча дуйнону дунгуроткон оюндарды корсотуп келишине ишенемин. Футболдон айта албай калдымго бирок хоккейден шансыбыз коп аракетинерге берекет.
+1
omurbek9393
2014-02-25 21:32:34
Дайыма эле ушундай натыйжаларга жетип журолу.
0
abdi91
2014-02-26 01:04:43
хакейдиго жакшы ойноптурлар футболдон вапше олгон
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан