Бүгүн, 25-февралда УЕФАнын Чемпиондор Лигасында орусиялык “Зенит” германиялык “Боруссияны” кабыл алат

Бүгүн, 25-февралда УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалынын алкагында орусиялык “Зенит” германиялык “Боруссияны” (Дортмунд), грециялык “Олимпиакос” англиялык “Манчестер Юнайтедди” кабыл алат. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, “Зенит”-“Боруссия” (Д) тиреши Бишкек убактысы боюнча 23:00дө башталса, “Олимпиакостун” “МЮга” каршы беттешине 01:45те старт берилет.

Эске салсак, бул командалардын ортосундагы жооптук оюн 19-мартта өтөт. Үйдө жана конокто катталган эсеп катыштыгынын жыйынтыгында чейрек финал ээси белгилүү болот. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан