Оштон террорчулукка шектелип Өзбекстандын исламдык кыймылынын мүчөсү кармалды. Ал Ош облусунун 32 жаштагы Ю.А. аттуу жараны экени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Кармалган адам аэропорттон шектүү катары колго түшүрүлгөн. Изилдөөлөрдүн жүрүшүндө анын Пакистан өлкөсүндөгү Вазиристан провинциясында аскердик даярдыктан өткөндүгү белгилүү болду.
Ошондой эле шектүү адам өз максатын ишке ашыруу үчүн атайын Орусия Федерациясы аркылуу келгени маалым болду. Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди.