Укук коргоочу: "Кара-Кечеде каза тапкан Айбек Мамбеталиевдин ата-энеси Нарын ШИИБинин камагына алынды"

Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун башчысы Бакыт Рыспеков: “Жумгалдагы сот учурунда болгон дүрбөлөң жана өрттөө фактысы боюнча "Кара-Кече" кенинде каза тапкан Айбек Мамбеталиевдин атасы, энеси, карындашы, агасы, иниси жана эки айылдашы 23-февралда Нарын ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына отургузулду”,- деп кечээ, 24-февралда SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, жалпысынан 21 адам камакка алынды. Алардын ичинен 7си Нарын, 5и Жумгал, 6сы Кочкор жана 3ү Ат-Башы РИИБине камалды.

“Көз жумган Айбек Мамбеталиевдин агасы Жыргалбек Мамбеталиев милиция тарабынан ур-токмокко алынды. Анын мурдунун кыры сүрүлгөн жана сол кашынын четине кан уюп калган. Бирок анын өзүнүн айтымында, милиционерлер тарабынан ур-токмок болгон жок. "Жумгалдагы сот учурунда болгон жаңжалда милиция кызматкерин сабадым" деп күнөөнү мойнуна алды”,- деди укук коргоочу Бакыт Рыспеков.

Эскерте кетсек, Кара-Кечеде каза болгон Айбек Мамбеталиевдин жакындары 20-февралда болгон сот отурумунда жаңжал чыгарышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
saysat
2014-02-25 10:21:05
Тартипсиздик бул! Ушундай кантип болсун! Буларды ырас эле камаптыр. Мыйзам баарыбызга бирдей. мындай кылуу таптакыр болбойт да. чектен чыккан тартипсиздик.
-1
nurel50
2014-02-25 10:33:24
saysat, азаматсын кучтуу иштеп жатасын, кошумча айлыкты кобуроок аласын, айдай ежен жакшы иштей албай акыры иштен айдалды, бирок ал да жакшы еле аракет кылды, сенда жакшы иште, иштен айдалып кетпегин анан
+8
mirbakg
2014-02-25 13:27:38
saysat, сен ошолордун оордуна Озуну койуп кордунбу??? Мыйзам бийликтегилер учун башка карапайым калкка башка болуп жатат милициялар бироонун-чырактай баласын олтуруп эркиндикте сайрандап журушот !!! Сотту кошуп сабаш керек эле !!
+2
Alicia
2014-02-25 10:31:25
Bul baikushtar dagy kuiutunon bardy da andai kadamga, bizde myizam ishtep oshol militsialarga ubagynda tiishtuu chara koldonushsa bular dele myndaiga barmak emes
+1
Aidai2010
2014-02-25 11:03:44
Alicia, Элдерди кыйнап, ар бир машинадан 500- 2000 сомдон алып жаткан элди ким коргоду, же бул ОПгник бала ал жакта ме ала кой деп журду беле, билбей туруп асмандан суйлогонунорду качан коесунар. Кар-Кечеден комур ташып жургон балдардан сурагылачы азыр комур саткан жерлерден Айбек Мамбеталиев жонундо, токпой чачпай атйып берет билбесенер. Кээ бир камазчы балдар 3-4 сутка турчу булар уруксат бермейинче, кааласа кетирип жиберчу деп ыйлакташат.
+1
PROS
2014-02-25 11:22:44
Aidai2010, согушту суйлосо танканын ичинен чыгат экенсин го, чиркин! Милиция мыйзамга баш ийбей калганын билсенер да билмексен боло бербегилечи! Бизде качан эле мыйзам иштеп атты эле? Айрыкча акыркы 3 жылдан бери!
+2
Alicia
2014-02-25 11:23:55
Aidai2010, men Aibek Mambetaliev jonundo ech kandai maalymatym jok, ata enesine kyiyn boldu balasynan airylyshty, kandai bolgondo da balasy da , abdan okunuchtuu okuia
-1
boztalaa
2014-02-25 10:53:38
Бийликтин акылсыз акмактыгынан ушул иш болуп жатат да.
+4
Aviator
2014-02-25 12:23:27
Баласын олтурушкону аз келгенсип, эми ата энесин бир туугандарын да олтуруп салгыла. Бул бечаралар да акыйкаттыктын жоктугунан ушинтип журушот да.
0
chingizhan01
2014-02-25 12:44:13
Бизде мыйзам бечараларга гана жазылган, акчалуулар мыйзамды уруп ойнобойт.
+1
erkin-by
2014-02-25 13:21:05
saysat.. сен бийликтегилердин ХХХХХХХХХХХХ акты ак караны кара эле дечи!
+2
admin_superstan
2014-02-25 13:26:02
erkin-by - эскертүү!
Коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү жазуугы тыюу салынат.
0
Bexa9595
2014-02-25 14:26:54
Таак ошондо олгон бала рекет болгонбу?
0
maksnarin
2014-02-25 14:37:10
бандитке кайгырбай,ооздуктайлы деген милицияларга кайгырсанар жарашмак.п.с."ырас болду"деп журушот камазисттер.
0
chingizhan01
2014-02-25 14:47:53
Бандит болсо атаэнесин арам акчага маарытып аткан экенда, ошого тополон кылып атышатырдаа.
0
Misi
2014-02-25 15:12:34
аларда да турмону коруп келишсин. аял башы менен кантип орт койду. кызынын омуруно балта чапты


+4
tokmok.93
2014-02-25 17:09:43
милиция оздору куноолу ал бала бандит болсо мыйзам чегинде жазалабайбы сабап олтуруп салбай?!оздорун король сезип жатышкан да мыйзам биз тарапта деп ошол милицияларды туура эле кылышкан.сот туура чечим кабыл алганда мындай болмок эмес. ал эми агасын сабап мойнуна алдырып салды да.ата энесин камап эмне кылат аларда чындык издешкен да ....
+1
infiniti
2014-02-25 17:38:44
Мындай нерсе,ар бир карапайым жарандын башына келиши толук мумкун. Мыйзам "Ата Журт",Мелиске,жана карапайым элге гана кучтуу иштейт. "Чопту кордосо,козго саят"-деген. Эсине кел,бийлик!
+1
admin_superstan
2014-02-26 10:24:54
donchik81 - 10 күнгө БАНга!
Темадан алыс, кимдир-бирөөнүн дарегине карата далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга, далили жок жалаа жабууга, кимдир-бирөөнү мазактоого тыюу салынат.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан