Калининградда "мектеп окуучусун зордуктады" деп шектелип эки кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу аталган шаардын Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 24-февралда жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 24-февралда полицияга Калининград шаарынын 15 жаштагы тургуну кайрылган. Ал өзүн зордуктап кеткен адамдарга карата чара көрүү боюнча арыз жазган. Кыздын айтымында, 29 жана 23 жаштагы кыргызстандыктар менен борбордук түйүндөрдүн биринде таанышкан.
Кыз бирге ичип жүргөн курбуларын издеп жатканын айткан. Жамгырга кийимдери суу болуп калганын көргөндө, балдардын бири үйүнө чакырып, кийимдерин кургатып алууну сунуштаган. Балдар жашаган жерге келип, алкоголдук ичимдиктерди иче башташат. Андан соң жигиттердин бири жыныстык катнашты сунуштайт. Кыз сунушун четке какканда, аны экөөлөп зордуктап салышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөрдүн бири буга чейин уурулук үчүн соттолгону аныкталды. Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүүдө.