Акыркы сутка ичинде республика аймагында 4 өрт кырсыгы катталды

Акыркы сутка ичинде республика аймагында 4 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги 25-февралда билдирди. 

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 1, Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.

Ош облусунун Ноокат районунда 72 чарчы метр шифер менен жабылган бастырманын чатыры, 2 тонна чөп, 1 тонна тезек күйгөн. Өрттүн келип чыгуусуна үй ээсинин неберелеринин от менен ойногону себеп болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан