Орусиянын Москва шаарында "жеке ишкердин Хундай үлгүсүндөгү унаасын уурдады” деген шек менен 25 жаштагы кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу 23-февралда орусиялык ММКлар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, унаанын ээсинин алаксыганынан пайдаланып, кылмышка шектүү унааны белгисиз тарапка айдап кеткен. Аны полиция кызматкерлери Уткин көчөсүнөн кармашты.
“Кылмышка шектүү 16-февралдан тарта Москвада каттоосуз жүрүп, таанышынын үйүндө жашап тургандыгы аныкталды. Ага Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин “уурулук” беренеси боюнча кылмыш иши козголду”,- деп айтылат маалыматта.