Сокулукта жөө жүрүүчүнү сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды

Жөө жүрүүчүнү сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочу Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу 25-февралда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Сокулук РИИБине жеңил автоунаанын айдоочусу Фрунзе менен Новопавловка көчөлөрүнүн кесилишинде жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткендиги жөнүндө маалымат түшкөн. Кырсыктан жаракат алган 27 жаштагы К.Ены “Тез жардам” кызматы аймактык ооруканага алып кеткен.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү Москва районунда колго түшүрүлгөн. Анын БМВ үлгүсүндөгү унаасы айып төлөөчү жайга жеткирилип, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан