Эртең, 26-февралда Ош шаарында "Алай" футболдук клубу “D” тайпасынын 1-тур оюнунун алкагында өз үйүндө Бахрейндин чемпиону “Риффа” клубу менен беттешет.
Эске салсак, "Алай" футболдук клубу кыргызстандык клубдардын ичинен биринчи болуп Азия футбол конфедерациясынын Кубогуна катышууда. “Алай” 2-февралда Палестинанын чемпиону “Аль-Дахриа” клубун утуп, мелдештин финалдык баскычына жолдомо алган болчу.